• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда абаны булгагандыгы үчүн ишканаларга 1,7 млн сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Жыл башынан бери Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин инспекторлору 72 ишкердик субъектисине атмосфералык абанын булганышы боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Медетбек Маметов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 230-беренесине ылайык, атмосферага булгоочу заттарды чыгаргандык үчүн 1 млн 780 миң 572 сом административдик айып салынды.

Андан тышкары, 811 чарбакер субъекттерге атмосфералык абаны коргоо ченемдеринин сакталышы жөнүндө билдирүү берилди.

Пикир

Оставить комментарий