• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ала-Букада жергиликтүү тургундун үйүнөн 20 кг баңгизат табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Ала-Бука районунун тургунунун үйүнөн ири өлчөмдөгү баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Ала-Бука районунун 54 жаштагы мурда сот жообуна тартылган жашоочусу баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Текшерүү учурунда маалымат тастыкталып, райондук Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан аталган жарандын үйүнөн жүгүртүүгө тыюу салынган 20 кг ашуун баңгизатты камтыган өсүмдүк табылган: анын 12 кг 835 гр марихуана, 8 кг 788 гр кара куурай жана 65 гр салмактагы кара куурай өсүмдүгү экени аныкталган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси ("Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо") боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган Ю.У. Ала-Бука районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда аталган баңги кылмышына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий