• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүйдө кыз ала качууга шектелип эки жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Чүйдө кыз ала качууга шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-январда болжол менен саат 14:50дө милицияга билдирүү түшүп, анда Ак-Босого конушундагы үйлөрдүн биринен 26 жаштагы кызды белгисиз жарандар Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаасына салып ала качып кеткендиги айтылган.

Аталган факт боюнча Бишкек шарына жана Чүй облусу боюнча "Тосмо" иш мерчеми киргизилип, көп өтпөй шектүү делген эки жаран Сосновка айылынан кармалган. Алар: 1978-жылы туулган айдоочу жана 1992-жылы туулган Ш.Р..

Кармалган шектүүлөр андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн Жайыл РИИБнин Тергөө кызматына өткөр берилген. Ал эми автоуна айып короосуна киргизилген. Кыз аман-эсен үйүнө жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий