• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө Кызыл китепке кирген балыкты мыйзамсыз кармаган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 0.06.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө Кызыл китепке кирген балыкты мыйзамсыз кармаган 38 жаштагы Б.Ы., аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандан желим кайык, узундугу 320 метрге жакын синтетикалык балык уулоочу тор жана 39 даана мыйзамсыз кармалган балык табылып алынган.

"Алынган балыктардын арасында 10 даана "Сазан" балыгы, 9 даана "Карась" балыгы, 5 даана "Чабак" балыгы бар экен. Ошондой эле, КРнын Кызыл китебине кирген "Ысык-Көл ак балыгына" болжолдуу 15 даана балыгын алышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факт Тоң РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналында катталып, чогултулган материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Алынган балыктардын түрлөрүн жана келтирилген зыянды аныктоо үчүн материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга да жөнөтүлдү.

Текшерүү уланууда.

Пикир

Оставить комментарий