• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстан менен Өзбекстан ветеринария тармагында кызматташат

Коом 0

Бишкек, 09.06.23./Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Бахромжон Наркобилов менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана ветеринария тармагындагы кыргыз-өзбек кызматташтыгынын келечектүү багыттарын талкуулашты.

Эки мамлекеттин айыл чарба продукциясынын жана мал чарба товарларынын экспортун жана импортун биргелешип өнүктүрүү жолу менен соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө көңүл бурушту.

Кыргыз компанияларын өзбек тараптын импортерлор Реестрине киргизүү, тез бузулуучу азыктар үчүн “жашыл коридорлорду” түзүү, жогорку деңгээлде биргелешип жетишилген макулдашуулар боюнча пландарды жана долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Өзбекстандын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы толук колдоо көрсөтүп, сүт, эт жана балыкты кайра иштетүү боюнча Кыргызстандын ишканаларын Өзбекстандын импортерлорунун Реестрине ыкчам түрдө киргизүү боюнча даярдыгын билдирди.

Мындан тышкары, элчи Өзбекстандын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин Диагностикалык борборуна барып, жаныбарлардан алынган азыктарды (даяр сүт жана эт продукциясы, канаттуулардын эти, даяр балык продукциясы), ошондой эле дан өсүмдүктөрүн жана жашылчаларды лабораториялык контролдоону камсыздоо процесси менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий