• 88.68
  • 95
  • 0.95

ОшМУнун клиникасында Панкоста шишигине операция жасалды

Ден соолук 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын түштүгүндө алгачкы жолу Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында оң өпкөнүн жогорку бөлүгүнүн – Панкоста шишиги (плевралдык локализациялуу апикалдык рак) менен ооруган бейтапка лимфа түйүндөрүн кесүү менен оң тарапка торакоскопиялык (көкүрөгүн ачпай, 3 кичине тешикчелерден) жогорку лобэктомия операциясы жасалды.

Окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, операцияны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы, профессор, врач-хирург, онколог Жанек Белеков, Бишкек шаарынан келген хирург профессор Мухамедали Маткалыков жана хирург Арстан Назармаматов ийгиликтүү жасашты.

Учурда бейтаптын абалы туруктуу.

ОшМУнун медициналык клиникасында 2023-жылдын январь айында ашказан шишигине чалдыккан бейтапка алгачкы жолу операция жасалган.

Учурда окуу жайдын клиникасынын операциялардын бардык түрү жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.

Пикир

Оставить комментарий