• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жеңил конструкциядан курулган имарат 7,5 баллдык жер титирөөгө туруштук берди (видео)

Коом 0


Бишкек, 09.01.23. /Кабар/. Бишкекте бүгүн жеңил, ичке дубалдуу конструкциядан курулган 3 кабаттуу имарат жер титирөөгө туруктуу динамикалык сыноодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Иш-чарага Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаев, анын орун басары Талант Иманакун уулу, Мамкурулушка караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Кенжетаев Камчыбек жана тийиштүү адистер катышты.

Анын натыйжасында жеңил конструкциядан курулган имарат 7,5 баллдык жер титирөөгө туруштук берди. Сыноонун экинчи этабы жеңил конструкциядагы курулуштун дубал-панелдерин жабуу боюнча иштер аяктагандан кийин өткөрүлөт.

Мамкурулуштан маалыматына караганда, жеңил, ичке дубалдуу конструкцияга статикалык жана титирөө таасирлерин эксперименталдык изилдөө үчүн “Модуль Хаус” ЖЧКсы менен келишим түзүлүп, 3 кабаттуу имарат иштелип чыкты

Динамикалык сыноо Мамкурулушка караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту жана Жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча эксперттердин эл аралык ассоциациясы тарабынан жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий