• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Некролог – «Легендарлуу» парламенттин депутаты Радбек Ешмамбетов каза болду

Коом 0

Бишкек, 20.01.21./Кабар/. Кыргыз эли оор жоготууга учурады. 2021-жылдын 20-январында 72 жаш курагында «легендарлуу» парламенттин депутаты, экология жана өзгөчөкырдаалдар экс-министри, КыргызРеспубликасынын Жогорку КеӊешининАппаратынын мурдагы жетекчиси РадбекЕшмамбетов каза болду.

Радбек Ешмамбетов 1949-жылдын 29-августунда Ош шаарында туулган. Ленинград политехникалыкинститутунун гидротехникалык факультетин, анданкийин КПСС БКга караштуу Коомдук илимдеракадемиясын бүтүргөн.

Эмгек жолун 1973-жылы Кара-Көл шаарындагы«Нарынгидроэнергокурулуш» Су-ГЭСте мастер болуудан баштаган. Ал 1973-1978-жылдары булишканада катардагы прорабдан курулушбашкармалыгынын башчысынын милдетинаткаруучуга чейинки баардык кызмат тепкичтеринбасып өткөн. Ал эми 1978-1983-жылдары РадбекЕшмамбетов Компартиянын Ош облустуккомитетинде эмгектенип, андан соӊ 1985-жылы републикалык «Кыргызайылкурулуш» бирикмесинин төрагасынын орун басарлыгынакоторулган. Ал эми 1985-1986-жылдары КыргызССР Компартиясынын Борбордук Комитетиндеинспектор, кийин бөлүм башчынынорунбасарлыгына көтөрүлгөн. 1986-1988-жылдары болсо Кыргыз ССР Компартиясынын Ысык-Көлоблустук комитетинин секретары, 1988-1990-жылдары Пржевальск шаардык советинин төрагасы, партиянын шаардык комитетинин биринчисекретары, ал эми 1990-1991-жылдары Эл депутаттарынын Ысык-Көл жана Нарын облустуксоветтеринин аткаруу комитеттеринин төрагасынынбиринчи орун басары, облустук аткаруукомитетинин төрагасы болуп иштеди.

1990-1995-жылдары «легендарлуу» парламенттиндепутаты болуп турганда, 1991-жылы Кыргыз ССР Компартиясынын Фрунзе шаардык комитетининбиринчи секретары болуп дайындалган. Анданкийин 1991-1994-жылдары «Кыргызкурулуш» мамлекеттик концернинин төрагасынын орун басары, 1992-1995-жылдары АКБ «Курулушбанктын» Директорлор кеӊешининтөрагасы болуп иштеди.

1995-жылы Республикалык мамлекеттик мүлкфондунун төрагасынын орун басарлыгынадайындалган. 1996-1998-жылдары – Бишкек – Ош автожолун реконструкциялоо жана пайдалануубоюнча дирекциясынын директору. 1998-1999-жылдары – транспорт жана байланыш министрининорун басары. 1999-жылы – КР Премьер-министринин Аппаратынын жетекчиси. 2000-2003-жылдары – «Кыргызнефтегаз» АКсынынДиректорлор кеӊешинин төрагасы. 2001-жылы – экология жана өзгөчө кырдаалдар министри. 2003-2006-жылдары «Техмашимпекс» АКсынынКыргызстандагы өкүлү. 2006-2011-жылдары – «Саламстрой» ЖЧКсынын башкы директору.

Ал 2011-жылдан 2016-жылга чейин КыргызРеспубликасынын Жогорку Кеӊешинин Аппарат жетекчиси болуп эмгектенген.

Радбек Ешмамбетов белгилүү мамлекеттик ишмерэле, анын жаркын элеси мекендештеринин жүрөктүпкүрүндө бекем сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүменен жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүлайтып, аза кайгысын теӊ бөлүшөбүз. Анын жатканжери жайлуу, топурагы торко болсун.

Мамытов Т.Т., Новиков А.Э., Касымалиева А.К., Сабиров Р.А., Мамытканов М.С., СурабалдиеваЭ.Ж., Абдыкеримов Ш.Ш., Абдылдаев М.Ю., Абжалиев А.Т., Айдаров Н.А., Айдаров С.А., Айнакулов М.А., Акаев Ж.К., Акматов А.Ж., Алимбеков Н.К., Алтыбаева А.Т., Алтынбеков А., Алыбаев О.А., Аманкулов М.А., Анарбаев С.С., Арапбаев А.А., Арзыбаев Н.И., Артыков А.А., Аскарова А.А., Асылбаева Г.К., Аттокуров Д.Б., Байбакпаев Э.Ж., Баймуратов К.Ш., Бакиров М.И., Бакиров Ө.М., Бакчиев Ж.А., БекешевД.Д., Бердиев А.Т., Бешимбаева А.К., БокоевК.С., Гайпкулов И.Т., Джумабеков Д.А., ДжураевС.М., Дюшалиев А.К., Жапаров А.К., ЖеенчороевМ.К., Жетигенов Б.Ж., Жолдошбаев К.Ж., Жоробеков Т.У., Жумалиев К.М., Жунус уулу А., Жутанов А.Т., Жээнбеков А.Ш., Зулпукаров Т.З., Ибраев С.К., Икрамов Т.И., Иманалиев К.К., Исаева Д.Ш., Исаев К.К., Исмаилов У.Ч., Исманов С.Ж., Карамушкина И.Ю., КарашевА.А., Каримов Н.Т., Карыбеков А.К., КелдибаевС.А., Кенжебаев Б.Б., Керезбеков К.К., Кодуранова А.С., Койчуманов М.Н., КонушбаевТ.К., Кулбараков А.И., Кыдыралиев У.Т., Мавлянова М.Э., Мадеминов М.Г., МаматалиевМ.А., Маматов А.М., Мамашова А.Т., МаннановИ.А., Матраимов И.И., Молдалиев С.У., Молдобекова Г.С., Момбеков Р.Ч., Мусабекова Ж.А., Никитенко Н.В., Нурбаев А.М., НурдиновБ.Б., Нышанов С.К., Омуркулов И.Ш., ОрмоновУ.З., Орозова К.Б., Осмонова А.Ш., ПирматовИ.А., Примов У.Б., Райымкулов Б.К., РысалиевЗ.К., Рыспаев К.Ж., Сабиров М.Э., Садиков У.Ч., Самаев У.О., Самат Гульнара-Клара, Самигуллина А.Э., Строкова Е.Г., СубанбековБ.Ж., Сулайманов А.Т., Сулейманов Б.И., Султанов А.М., Сыдыгалиев Б.К., СыдыгалиевН.Ө., Сырдыбаев Н.М., Тагаев Э.С., ТекебаевӨ.Ч., Тиллаев Т.Г., Токторов А.С., Токтошев Э.Т., Торобаев Б.Э., Төрөкулов Д.Г., Тотонов Н.Т., Тулендыбаев П.Р., Туманбаева Р.М., Турдумамбетов О.Ж., Турсунбаев А.А., Турусбеков Б.С., Турускулов Ж.К., УрумкалиеваЧ.Ч., Шарапов З.Э., Эгембердиев М.Б., Эсенаманов З.С., Юсуров А.Л., Касмамбетов С.С., Сабырбеков А.А., Аманбаев Б.А., Шаболотов Т.Т., Карапашов Б.Ш., Абытов А.А., Матазимов М.М.

Пикир

Оставить комментарий