• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда талапка жооп бербеген 15 мал союучу жай жабылган

Коом 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. 2023-жылы Кыргызстанда жалпы 101 мал союучу жай катталып, анын ичинен 15и ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн убактылуу жабылган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов билдирди.

Анын айтымында, ошондой эле 10 мал союлуучу жай ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине катталган (КХ “Рейна Кенч”, ЖЧК “Торо”, ОАО “Келечек”, ЖЧК “Адал-Азык”, ЖЧК “Ала-Бука Жалал-Абад Кыргыз Эт”, “КФХ Алмаз”, ИП:Базарбаева.З, ИП:Кучкаров.Ф.Н, ЧП:Эралиев.Э, ЖЧК "Восточно-импортноэкспортная компания”).

"Мал соючу жайы жок райондорго жана шаарларга Ветеринардык кызматтын жетекчилиги тарабынан тапшырма берилип, анын жыйынтыгында менен 12 жаңы мал соючу жай салынды", - деди ал.

Ошондой эле адис белгилегендей, Ноокат, Өзгөн, Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор, Кадамжай, Лейлек, Бакай-Ата, Манас, Тоң, Ысык-Көл жана Москва райондорунда жаңы салынган мал соючу жайлардын курулушу аяктап ишке кирүү алдында турат.

101 мал соючу жайдын: 10 - чоң стандартагы мал союучу жай, 64- чакан мал союучу жай, 27 - мал союучу аянтча.

Ал ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги жана көрсөтмөлөрдү толук аткарбагандыгы үчүн 225 миң сом өлчөмүндө айып пул салынганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий