• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек арада Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Кечээ, 30-январь күнү Чүй облусунда Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, 40 жаштагы И.М. аттуу КР жараны Чүй дарыясын кечип Казакстандан Кыргызстан тарапка өтүп кетүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий