• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Волейбол чемпионаты: Жогорку лиганын биринчи турунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Волейбол боюнча эркектер арасында Кыргызстандын чемпионатынын жогорку лиганын биринчи туру жыйынтыкталды. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан кабарлашты.

Оюндар 25-29-январь күндөрү Ош шаарында өттү.

Жогорку лигада 12 команда эки тайпага бөлүнүшүп күч сынашты.

Лиганын биринчи турунда "Университет", "Кадамжай", "Энергетик", "Ала-Бука", "Салам-Алик", "Чаткал", "Теңир-Тоо", "Динамо Билим", "Ош", "Сары-Өзөн", "БАПА Барскоон" командалары оюн өткөрдү.

Беттештердин жыйынтыгында "Энергетик" жана "Динамо" командалары биринчи турдун жеңүүчүсү аталды.

Волейбол чемпионатынын жогорку лиганын экинчи туру 2-8-мартта Бишкек шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий