• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Сот аткаруучу пара менен кармалды

Коом 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Кечээ, 30-январь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунун сот аткаруу кызматы бөлүмүнүн сот аткаруучусу пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, 38 жаштагы Н.Т. аттуу сот аткаруучу өзүнүн иш бөлмөсүндө пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

"Белгилүү болгондой, Н.Т. кызматтык абалынан пайдаланып Э. Ч. уулу аттуу жарандан жол кырсыгы тууралуу өндүрүш ишин токтотуу үчүн пара талап кылган", - деп айтылат маалыматта.

Бул сотко чейинки өндүрүш иши КР Кылмыш кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү ("Пара талап кылуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Азыркы тапта кармалган жаран УКМКнын Тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий