• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абакиров: Аймактагы ишкерлерди колдоо – Кепилдик фондунун артыкчылыктуу багыты

Экономика 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Аймактагы ишкерлерди колдоо – "Кепилдик фонду" ААКсынын артыкчылыктуу багыты. Бул тууралуу аталган фонддун төрагасы Малик Абакиров билдирди.

Анын айтымында, былтыр алар ишкерлерге насыя алууда, бизнес план түзүүдө көмөк кылышкан.

"2019-жылдын аягына карата "Бир район - бир ишкана" программасынын алкагында 46 долбоорго 169 сомдук колдоо көрсөтүлдү. Кепилдикке берилген насыялар 522 млн сомду түздү. Ишкерлерге кепилдик колдоо көрсөтүүнүн аркасы менен өлкө боюнча 2 миң 413 иш оруну түзүлдү", - деди ал.

Ал белгилегендей, аймактарда 2 миңден ашык ишкерди окутуу жүргүзүлгөн. Алардын 400дөн ашыгы кепилдик жана насыя алышкан. Экспортко багытталган 81 долбоорго 334 млн сомдук кепилдик берилген. Ал эми өнөктөш банктар тарабынан 1 млрд 239 млн сомго насыя берилген.

Пикир

Оставить комментарий