• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экономика министрлиги: Мамлекет Улуттук энергохолдинг менен кичи ГЭСтердин ортосундагы балансты издөөдө

Экономика 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Мамлеке Улуттук энергохолдинг менен кичи ГЭСтердин ортосундагы балансты издөөдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика министринин кеңешчиси Кылычбек Жакыпов билдирди.

Анын айтымында, кичи ГЭСтер иштеп чыккан энергияны сатуу маселеси бардык деңгээлдерде каралууда.

“Туура тарапты табуу керек. Тарифтерди көтөрүү маселени чечпейт. Учурда субсидиялар изделүүдө. Ошондой эле инвестордун өзүнө жана Улуттук энергохолдингге пайдалуу болушу үчүн системанын эффективдүүлүгүн карап чыгуу керек”, - деди ал.

Андан сырткары Жакыпов мындай абал күн батареяларына да мүнөздүү экенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий