• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кытай Душанбеде парламент жана өкмөт имараттарын кура баштады

Дүйнө 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Кытай Душанбенин борборунда парламент жана өкмөт комплекстеринин жаңы имараттарын кура баштады. Тажик бийлигинин маалыматына караганда, бул үчүн Пекин 1,5 миллиард юань бөлгөн.

Курулуш иштеринин башталуу аземине 13-октябрда өлкө президенти Эмомали Рахмон менен Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян катышты. Кытай аткаминери Душанбеге ШКУ жыйынына катышуу үчүн барган.

Тажикстан президентинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, парламент жана өкмөт имараттарын курууну Кытай тарап демилгелеп, бул үчүн кайтарымсыз негизде акча бөлүп бере турганын билдирген.

Жаңы парламент комплекси мурдагы Айыл чарба министрлигинин, Душанбе мэриясынын, Иран элчилигинин жана бир нече үйдүн ордундагы 6 гектар аянтка курулат.

Имараттын негизги блогунун бийиктиги дээрлик 50 метрди, түркүктөрүнүкү 70 метрди түзүп, жалпы аянты 42 миң чарчы метрден ашык болот. Анда 1500 кишиге ылайыкташкан жалпы зал, парламенттин жогорку жана төмөнкү палаталары үчүн жыйындар залы, ошондой эле медициналык пункт жана китепкана жайгашат.

​Өкмөттүк имарат болсо 10 гектар аянтка курулат. Комплекс 15 кабаттуу негизги жана администрация бөлүмдөрү үчүн 13 кабаттуу эки имараттан турат.

Пикир

Оставить комментарий