• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абу-Дабиде бургер унутуп калган күйөөсүнө таарынган келин ажырашууну талап кылууда

Дүйнө 0

Бишкек, 25.02.19 /Кабар/. Абу-Даби шаарында бургер унутуп калган күйөөсүнө таарынган жаш келин ажырашууну талап кылууда. Бул тууралуу Khaleej Times жазат.

Маалыматка ылайык, Абу-Дабинин 20 жаштагы тургуну күйөөсү достору менен эс алып жүргөндө үйдө отурган. Жолдошу үйдөн чыгып баратканда бургер ала келүүсүн суранган.

Жолдошу үйгө таңкы саат 3.00 чамасында бургери жок келген. Мунун айынан чыр чыгып, күйөөсүнө таарынган келин үйүнөн кетип калган. Эми ал ажырашууну талап кылууда

Адвокат Хасан Аль Мазрукинин (Hasan Al Mazrooqi) пикиринде, жаштарда үй-бүлө куруу тууралуу туура түшүнүк болуш керек. Эми сот жубайлар менен кеңешип, алардын үй-бүлөсүндөгү пикир-келишпестикти чечип, элдештирүүгө аракет кылат.

Пикир

Оставить комментарий