• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИДП - туризмдин үлүшү 0,4%га жогорулаган

Экономика 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. 2018-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын туризм чөйрөсүндө жагымдуу өсүү байкалууда. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кабарлады.

Анын маалыматына ылайык, 2017-жылы өлкөнүн Ички дүң өндүрүшүндө туризмдин үлүшү 4,3%ды түзгөн. Өлкөнүн туристтик жагымдуулугун жакшыртуу боюнча жургүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 2018-жылы бул көрсөткүч 4,7%ды түздү.

Номиналдык көлөмгө которгондо 0,4% 2 млрд. сомдон ашык болот. Эгер 2017-жылы туристтик мекемелерден келип түшкөн кирешенин көлөмү 15 млрд.197 млн .сомду түзсө, 2018-жылдын үч кварталынын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 17 млрд. 486 млн. сомду түзгөн.

Көрсөтүлгөн туристтик кызматтардын көлөмү 356 млн. долларды түзгөн. Ал эми 2017-жылы атамекендик мекемелер тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү 27 млн. долларды түзгөн.

Андан тышкары, жагымдуу динамика бул жылы өлкөгө келген инвестициялык киришелердин улам көрсөтүлгөн, ал эми 2017-жылга салыштырмалуу бул жылы инвестициялар 1 млрд. 260 млн. сомго көбөйүп, 15 млрд. 446 млн.сом түзгөн.

Жаманкулов белгилегендей, министрлик мындан ары да өлкөнүн туристтик концепциясы үстүндө кызуу иштеп, маалымат компаниясын чет өлкөлөрдө активдүү жүргүзүүнү улантат. Биргеликте бул кабыл алынган чаралар туризм чөйрөсүнүн үлүшү өлкөнүн ИДӨдө 15%га жетиши керек.

Пикир

Оставить комментарий