• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эки аптада 34 миң тоннадан ашуун ата мекендик айыл чарба продукциясы экспортко чыгарылды

Экономика 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 2-апрелинен 16-апрелине чейин 34 миң тоннадан ашуун ата мекендик айыл чарба продукциясы экспортко чыгарылган. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрликтин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери республиканын чек арасында жана аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүштү.

Департамент тарабынан эки апта ичинде 34 миң тоннадан ашуун ата мекендик айыл чарба продукциясы экспортко чыгаруу үчүн текшерилип, экспорттолгон продукциянын үлгүлөрү алынды, ташуу шарттары жана сактоо эрежелери сакталды.

Пикир

Оставить комментарий