• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Рубль менен теңге курсунун түшүшү. Кыргыз сому долларга карата 70 сомдон ашкан жок

Экономика 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда улуттук валютанын курсу долларга карата 70 сомдон ашкан жок. 10-мартка карата Улуттук банк көрсөткөн валюталардын расмий курсу боюнча 1 доллар 69,8 сом, ал эми 1 евро 79,67 сомду түзөт.

Коммерциялык банктардын расмий сайттарында көрсөтүлгөндөй, долларга карата сомдун курсунун түшүшү байкалбайт. Дээрлик бардык банктарда 1 долларды сатып алуу 69,8 сом болсо, сатуу 69,9 сомду түзөт.

Бишкектин Абдрахманов менен Москва көчөлөрүндөгү акча алмаштыруу жайларында да доллардын курсу коммерциялык банктардыкына окшош.

Эскерте кетсек, рубль менен теңгенин курсу түшүп, Россияда 1 доллар 75,5 рубль, Казакстанда 1 доллар дээрлик 400 теңге болууда.

Мындан мурдараак, КР Улуттук банк "Кабар" агенттигине өлкөнүн валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий