• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстанда жыл башынан бери 202 айыл чарба техникасы лизингге берилди

Экономика 0

Бишкек, .01.04.24. /Кабар/. 2024-жылдын үч айында бир 1 млрд сомго 202 техника лизингге берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Министрликтин демилгеси менен айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо максатында 2011-жылдан тартып айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингке берилип келет. Тактап айтканда, 2011-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин бардыгы болуп 14,8 млрд сомго 6116 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди, жалпы алып караганда:

- 2022-жылдын март айына карата 3,0 млрд сомго 983 техника;
- 2023-жылдын март айына карата 4,3 млрд сомго 1155 техника;
- 2024-жылдын март айына карата 1 млрд сомго 202 техника берилди.

“Айыл Банк” ААК айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге дан эгиндерин, оруп жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын жеңилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингке берүүдө.

Пикир

Оставить комментарий