• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министрлер кабинети салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизди

Өкмөт 0

Бишкек, .01.04.24. /Кабар/. “КР министрлер кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому кабыл алынды. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Ата мекендик өндүрүүчүлөргө жагымдуу шарттарды түзүү жана аларды колдоо максатында, төмөнкү токтомдорго өзгөртүүлөр киргизилди:

- КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна;

- КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 “Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө” токтомуна;

- КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 “Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна;

- КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 660 “2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасында газмотордук отун-компримирленген жаратылыш газынын рыногун өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна;

- КР министрлер кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 446 “Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын иштешине талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна;

Негизинен бул өзгөртүүлөр айыл чарба продукциялар өндүрүүчүлөргө, жүргүнчү ташуу кызматын аркалагандарга, базарда иштегендерге, тейлөө кызматырына жана радио электрондук буюм тайымдарды сатуучуларга тийиштүү.

Пикир

Оставить комментарий