• 88.68
  • 95
  • 0.95

Апрелде өлкөдөгү күч органдарынын жана аскер кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлбөйт

Өкмөт 0

Бшкек, 24.03.22. /Кабар/. Социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам аракеттенүү боюнча министрлер кабинетинин жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын, аскер кызматкерлеринин айлык акылары качан көтөрүлөрүнө кызыкты.

Ташиев финансы министри Алмаз Бакетаевге кайрылып, күч органдары менен аскер кызматкерлеринин айлыгы качан жана кандай шартта көтөрүлөт деген суроо узатты.

"Бул маселе каралууда, силерден бул долбоор келген", - деди Бакетаев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр күч органдарынын, аскер кызматкерлеринин маянасы бир деңгээлге келтирилгендигин эске салды.

"Жакынкы арада президенттин жарлыгынын негизинде социалдык сектордо эмгектенген 309 миң адамдын айлыгы көтөрүлөт: мугалимдер, дарыгерлер, маданият кызматкерлери, билим жана илим тармагындагылар. 2022-жылдын төртүнчү кварталында (сентябрь айында) укук коргоо жана аскер кызматкерлеринин айлыгын көтөрөбүз деген ниетибиз бар. Кичине чыдап берсеңиздер, 1-сентябрдан эмес, балким 1-августтан көтөрөбүз деген пландар да бар", - деди Акылбек Жапаров.

Ташиев 1-апрелден тартып укук коргоо жана аскер кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлбөй тургандыгын ачык айтыш керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий