• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Кыргыз темир жолу” тарабынан 10 айда дээрлик 212 миң жүргүнчү жана 7,5 млн тонна жүк ташылган

Экономика 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. 2023-жылдын 10 айында 211 миң 886 жүргүнчү жана 7 млн 456 миң 760 тонна көлүмүндө жүк ташылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, 10 айда жалпысынан 211 миң 886 жүргүнчү ташылып, анын ичинде эл аралык каттам боюнча 12 миң 617 жүргүнчү жана республикалык ички ташуулар боюнча 199 миң 269 жүргүнчү болгон.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын жайында Бишкек - Балыкчы каттамы боюнча VIP жүргүнчү ташуучу вагон даярдалган. Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн вагон кышкы-жайкы кондиционер системасы, стерео система, телевизор, муздаткыч, Wi-Fi жана башкалар менен жабдылган. Мындан тышкары, туристтик компаниялардын өтүнүчү менен Балыкчы бекетине бара турган чет элдик туристтик поезддердин курамына Люкс жана VIP вагондору киргизилген.

Ал эми жүк ташуучу боюнча айткан министр, 2023-жылдын 10 айында 7 млн 456 миң 760 тонна көлүмүндө жүк ташылып, салыштырмалуу 2022-жылдын тийиштүү мезгилинде 6 млн 474 миң 166 тонна жүк ташылып, быйыл өсүш 982 миң 594 тоннаны түзгөндүгүн белгиледи.

Өсүү Кыргызстанга импортту 112,1%га көбөйтүүнүн, ошондой эле экспортту 151,9%га көбөйтүүнүн эсебинен, ошондой эле "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан - Афганистан", "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан", "АТР - Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан-Түркмөнстан - Азербайжан - Грузия - Түркия - Европа" мультимодалдык коридорлорунун ишке ашырылышы, 2021-2022-жылдары сатылып алынган 100 жүк ташуучу вагондордун пайдаланууга берилишинин жыйынтыгы жана калктын муктаждыктарынын көбөйүүсү болуп саналат.

Түркия, Словакия, Румыния, Польша, Нидерланд жана Венгрия сыяктуу өлкөлөргө темир жол транспорту менен экспорттук жук ташуулардын жаңы түрлөрүнүн ачылышынын эсебинен Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүндө жүк ташуулардын көлөмүнүн өсүшү байкалууда.

Пикир

Оставить комментарий