• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек электр тармактар ишканасы жогорку чыӊалуудагы көмөкчордондорунун кубаттуулугун көбөйттү

Коом 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Бишкек электр тармактар ишканасы жогорку чыӊалуудагы көмөкчордондорунун кубаттуулугун көбөйттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылга капиталдык курулуш жана реконструкциялоо планына ылайык, Бишкек электр тармактар ишканасы автотрансформаторлорду жана күч трансформаторлорун каскаддык ыкма менен алмаштырды.

Алсак, жогорку чыӊалуудагы 220-110-10 кВ "Ала-Арча" көмөкчордонунда кубаттуулугу 200 МВА болгон автотрансформатор жаңы кубаттуулугу 250 МВА түзгөн АТ-2ге алмаштырылды. Белгилей кетсек, өткөн жылы подстанциядагы АТ-1 автотрансформатору жаңы кубаттуулугу 250 МВАлик автотрансформаторго алмаштырылган. Автотрансформатор алмаштырылгандан кийин "Ала-Арча" подстанциясынын жалпы кубаттуулугу 500 МВАны түздү.

Ошондой эле жогорку чыӊалуудагы 220-110-10 кВ "Главная" көмөкчордонунда АТ-1 жана АТ-2 автотрансформаторлору алмаштырылган. Ар биринин кубаттуулугу 125 МВАдан болгон. Эски автотрансформаторлор 200 МВА автотрансформаторлорго алмаштырылды. Жүргүзүлгөн жумуштардан кийин подстанциянын жалпы кубаттуулугу 400 МВАны түздү, бул мурдагыга караганда 150 МВАга көп.

Андан ары 5 жогорку чыӊалуудагы 110/35/10-6 кВ көмөкчордондордо күч трансформаторлору алмаштырылды :

- "Ак-Ордо" көмөкчордону, кошумча кубаттуулугу 16 МВА болгон трансформатор орноттулду.

- "Айни" көмөкчордону, кубаттуулугу 25 МВА болгон Т-1 күч трансформаторун 40 МВА кубаттуулуктагы трансформаторго алмаштырды.

- "Пик-Котельная" көмөкчордонунда кубаттуулугу 16 МВА болгон Т-1 күч трансформаторун кубаттуулугу 25 МВА болгон трансформаторго алмаштырылды.

- "Ново-Южная" көмөкчордонунда кубаттуулугу 25 МВА түзгөн трансформатор 40 МВАлик трансформаторго алмаштырылды.

- "Арча-Бешик" көмөкчордонунда кубаттуулугу 10 МВА болгонт эки күч трансформаторун 16 МВА кубаттуулуктагы трансформаторлорго алмаштырылды.

Ошентип, көмөкчордондордогу кубаттуулуктун жалпы өсүшү 267 МВА түздү. Көмөкчордондордун кубаттуулугун жогорулатуу боюнча иштер, керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий