• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

6-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Эртең, 6-ноябрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5, Талас түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11 градус болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 градус, күндүз 3…5 градус жылуу болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий