• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бокс боюнча өлкөнүн эмгек сиңирген машыктыруучусу Адылкан Бекболотов дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. 6-декабрда 58 жаш курагында бокс боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Адылкан Бекболотов дүйнө салды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Адылкан Бекболотов өлкөдөгү дене тарбия жана спорттун өнүгүшүнө чоң салым кошкон. 2009-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын бокс боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болгон. 2017-жылдан бери Бишкек шаарындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде балдар машыктыруучусу болуп эмгектенген.

Маалымат үчүн:

Бекболотов Адылкан Керимкулович Ысык-Көл облусунун Түп районунун Күрмөнтү айылында 1962-жылдын 24-майында туулган. Жубайы экөө үч баланы тарбиялашкан.

"Динамо" БС биринчилигинин төрт жолку жеңүүчүсү, СССР кубогунун эки жолку коло байгенин ээси, өлкөнүн чемпионаттарынын байгелүү орундардын ээси, СССРдин спорт чебери, республиканын он жолку чемпиону жана көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Ал Чехословакия, Сирия, Алжирда өткөн эл аралык мелдештерде ийгиликтүү катышкан, 1988-жылы Канада Кубогунун жеңүүчүсү. Рингте 350 уруш өткөрүп, алардын ичинен 320ны утуп алган.

"Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмер", "Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу" ардактуу наамдарга ээ.

2014-жылдан тарта "Боксту өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун директору.

Адылкан Бекболотовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-декабрда саат 10:00дө Түп районунун Күрмөнтү айылында (Ысык-Көл облусу) өтөт.

Пикир

Оставить комментарий