• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Балта жана Талас шаарларында калкты тейлөөчү борборлор ачылат

Аймак 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. 2021-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын Кара-Балта жана Талас шаарларындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесини бөлүмдөрүнүн базасында транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча калкты тейлөө борборлорун (КТБ) ачууну пландаштырууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда КТБларды ишке киргизүү үчүн имараттарды оңдоо иштери башталды. Бул аймактарда автоКТБнын ачылышы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт, алардын сапатын жогорулатат жана процесстерди оптималдаштырат.

Биринчи автоКТБ Кыргызстандын борборунда 2020-жылдын 1-сентябрынан баштап иштейт. Жыл аягына чейин шаардын батыш тарабында, транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча дагы бир калкты тейлөө борборун ачуу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий