• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ: Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы жол коопсуздук кызматтарынын даярдыгы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 05.12.20. /Кабар/. Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы жол коопсуздук кызматтарынын даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Өзгөчө кырдаалдар министринин буйругунун негизинде, жол коопсуздугун камсыз кылган кызматтар тарабынан аткарылып жаткан иш-чаралар жана алардын кышка даярдыгы жеринде текшерилди.

КР ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы, полковник Замирбек Жумагазиев жетектеген ыкчам топ Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолун тейлеген кызматтардын техникаларынын кыш мезгилине даярдыгы боюнча жана Сөөк ашуусундагы жылынуучу пунктун текшерүү ирээтинде барышты.

Натыйжада, Жети-Өгүз районундагы Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун каттамы ачык, эки даана техника тиешелүү күйүүчү-майлоочу каражаттары, жылынуучу жайда жетиштүү отуну бар экендиги аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий