• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда дыйкандарга жеңилдетилген насыя кезексиз берилет

Аймак 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-февралда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков «Айыл банк», «РСК банк», «Керемет» банктын өкүлдөрү жана тийиштүү адистер менен биргеликте Т.Тайгараев аймактык башкаруусунун жашоочулары менен жолукту. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Жыйында шаар башчысы жана банктын өкүлдөрү тарабынан айыл чарбасын колдоо максатында бериле турган өкмөттүн 6 пайыздык насыясы тууралуу кеңири маалымат берилип, дыйкан-фермерлер кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Ошондой эле жыйында аталган аймактык башкаруунун жазгы талаа жумуштарына даярдыгы талкууланып, бир катар тапшырмалар берилип, министрлер кабинетинин “Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө” 309-токтому боюнча да элге түшүндүрүү иши жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору аркылуу дыйкандарга кезексиз, ал эми мал чарбачылыгы үчүн кезек менен жеңилдетилген 6 пайыздык насыя берилет.

Пикир

Оставить комментарий