• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абаддын тургуну зордуктоо боюнча арыз жазам деген кызды өлтүрүп салган

Аймак 0

Ош, 24.11.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Жалал-Абаддын 18 жаштагы тургуну зордуктагандыгы боюнча милицияга арыз жазууну каалаган 22 жаштагы кызды өлтүрүп, үйдүн жанына көмүп салган.

Жалал-Абад милициясынан кабарлашкандай, шектүү өз күнөөсүн мойнуна алган. Анын айтымына караганда, Пери аттуу кыз анын үйүнө келип, 8 миң сом опузалаган, эгерде ал суммадагы акчаны бербесе, анда, милицияга арыз жаза тургандыгын билдирген.

Ошондон кийин бала кызды муунтуп, өзүнүн короосуна көмүп койгон.

Окуя 2017-жылдын октябрь айынын аягында болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында болгон.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий