• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Сооронбай Жээнбеков КСДПдагы мүчөлүгүн токтотту

Президент 0

Бишкек, 24.11.17 /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына расмий киришкен Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Президентинин кызматын аткаруу мезгилинде Кыргызстан Социал-демократиялык партиясындагы мүчөлүгүн токтотуу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Укуктар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 63-беренесинин, 3-пункту жана Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын 1994-жылы 24-сентябрындагы II съездинде бекитилген Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын Уставынын 2.5 пунктуна ылайык токтотулду.

Буга байланыштуу белгиленгендей, арызды берген күндөн тартып, Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу Сооронбай Жээнбековдун атынан же ага шилтеме менен бардык иш-аракеттер жана билдирүүлөр анык эмес деп эсептелинет.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өткөн. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 2017-жылдын 30-октябрында жарыяланган, анын натыйжасында Сооронбай Жээнбеков шайлоодо жеңген. Ага 920 миң 620 шайлоочу добуш берген. Бул добуш бергендин жалпы санынын 54,22% түзөт.

Сооронбай Жээнбеков Президенттин кызматына бүгүн, 2017-жылдын 24-ноябрында расмий киришти.

Пикир

Оставить комментарий