• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараджды кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 04.08.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараджды Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында кабыл алды.Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Кыргызстан менен Индиянын ортосунда эки тараптуу кызматташуу маселелери боюнча пикири алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Сушма Свараджды жылуу кабыл алып, Кыргызстан Индия менен достук мамилелерди өнүктүрүүнү колдоорун белгиледи.

«Өз ара сапарлар активдешип, эки тараптуу мамилелердин позитивдүү динамикасын жана түрдүү платформаларда мазмундуу кызматташууну белгилеп кетүү кубанычтуу», -деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент гидроэнергетиканы, саламаттык сактоону, айыл чарбасын жана мамлекеттик органдардын ишмердигине маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды киргизүүнү кызматташуунун артыкчылыктуу тармактары катары атады.

Ошондой эле соода-экономикалык тармакта жана транспорттук ифраструктураны өнүктүрүүдө тараптардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу боюнча пикир алмашышты.

«Бизде айрыкча айыл чарбасында биргелешкен ишканаларды ачуу боюнча чоң мумкүнчүлүктөр бар, анткени Кыргызстан экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрөт. Ошондой эле Кыргызстан ВСП+ статусуна жана Евросоюздун рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Индия менен туризм тармагында активдүү байланыштарыбыз бар экендиги, бул тармактын мүмкүнчүлүктөрү зор экендиги кубанычтуу», — деди Сооронбай Жээнбеков.

ШКУдагы төрагалык Кыргызстанга өткөндүгүн, мамлекет башчыларынын кийинки жолугушуусу Бишкекте өтөөрүн эске салды. Индиянын Премьер-министри Нарендра Модрини ШКУ мамлекет башчыларынын саммитине катышуу менен айкалыштырып, Кыргызстанга расмий визит менен келип кетүүгө расмий түрдө чакырды.

Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадж Сооронбай Жээнбековду Президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, Циндаодо ШКУнун алкагында Сооронбай Жээнбеков менен эки тараптуу жолугушуусу болгон Индиянын Премьер-министри Нарендра Модринин саламын жеткирди.

«Биз Кыргызстан сыяктуу кооз өлкөдө демократия өнүгүп жана чындалып жатканына кубанычтабыз. Биз демократияны мындан ары өнүктүрүүгө катышууга даярбыз. Мен Кыргызстанга алгачкы ирет расмий сапар менен келдим. Бирок биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер чейрек кылымдан бери активдүү өнүгүп жатат», -деп белгиледи Сушма Сварадж.

Министр Кыргызстанды ШКУнун төрагалыгын өткөрүп алышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы кызматташуу бул уюмдун алкагында мындан ары тереңдей берээрине ишенимин билдирди.Мамлекеттик органдардын ишмердигине маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды киргизүү тууралуу кеп кылып келип, Сушма Сварадж Индия тарап бул максатта окутуу жана атайын окуу борборлорун түзүү боюнча конкреттүү жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадждын Кыргызстанга расмий сапары эки тараптуу кызматташууну жана өлкөлөр ортосунда достук мамилелерди мындан ары жемиштүү өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий