• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өмүрбекова: Өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштардын санын кыскартуу үчүн балдарга жеке өнүгүү шарттарын түзүп берүү керек

Өкмөт 0

Бишкек, 04.08.18. /Кабар/. Өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштардын санын кыскартуу үчүн балдарды көчөдөн тартып, аларга жекеөнүгүү шарттарын түзүп берүү керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ювеналдык юстиция боюнчаВедомстволор аралык координациялык кеңештин жыйынында айтты.

Ведомстволор аралык координациялык кеңештин жыйынынын жүрүшүндө белгиленгендей, жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулукка өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, ошондой эле адеп-ахлактык факторлор да таасир берет. Өлкөдөгү миграциялык процесстер жашы жете элек балдардынтуугандарынын камкордугунда калышына алып келди, алардын көпчүлүгү улгайган куракта жана иш мененалек болгондуктан жашы жете электерге тийиштүү көзөмөл кыла алышпайт.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, кылмыштарды алдын алуу боюнча жүргүзүлгөништерге карабастан жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун статистикасы эки эсе өскөн.

«Бул алдын алуу чараларын жүргүзүүдө кемчиликтер бар экенин айтып турат. Республикада социалдыкреабилитациялоо комплекстүү тутуму менен жашоо шарты оор жана мыйзам менен келишпестиктеги жашыжете электерди социалдык коштоо тажрыйбасы жетиштүү өнүккөн эмес. Биз турмуш шарты оор жанамыйзам менен келишпестиктеги өспүрүмдөргө психологиялык жардам көрсөтүү боюнча күндүзгү борборлордутүзүү маселесин, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүн колдоо Программаларын иштеп чыгуубуз керек. Спорт, музыкажана бий менен алектенүүгө шарттарды түзүү аркылуу балдарды көчөдөн тартуу керек. Балдар бошубактысын өздөрү үчүн жана жеке өнүгүүсү үчүн пайдалуу өткөрүүлөрү кажет», - деди Алтынай Өмүрбекова.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр ата-эненин көзөмөлүн күчөтүү жана жашы жетеэлектерде турмуштук баалуулуктар менен артыкчылыктарды калыптандыруу үчүн аларды ыктыярчылыккыймылдарына тартуу жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү активдештирүү боюнча биркатар тапшырмаларды берди.

Укук коргоо органдарынан белгилешкендей, жашы жете электерге карата кылмыштардын өсүүсүндөгүмаанилүү факторлордун бири – ата-энелердин ажырашуусу, үй-бүлө институтунун деградация болуусу.

Маалымдама: 2018-жылдын 6 айында жашы жете электер тарабынан жасалган 955 кылмыштын 255инмектеп окуучулары жасашкан. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 461ди түзгөн. Бул мезгилде жашы жетеэлектерге карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар 61ден 70ге чейин өскөн. Алты айда республика боюнча40 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган.

Пикир

Оставить комментарий