• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев: Медицина кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысы жогорулайт

Өкмөт 0

Бишкек, 04.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-августта, Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кара-Көл шаарынын Б.Рысбеков атындагы ооруканасына барды.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, буга чейин медициналык мекеменин аймагында оорукананын кызматкерлери үчүн көп батирлүү үй курулуп жаткан.

«Социалдык объекттин аймагында турак үйлөрдү курууга тыюу салынгандыктан, имаратты административдик-турмуштук керектөөлөр үчүн берүү чечими кабыл алынган. Объекттин курулушун аяктоо үчүн жалпысынан 7 миллион сомдун тегерегинде каражат зарыл», - деди Космосбек Чолпонбаев.

Өкмөт башчы кийинки жылдын бюджетинен зарыл болгон каражаттарды алдын ала караштырууну тапшырды жана медицина кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысын көтөрүү пландалып жатканы тууралуу айтып берди.

«Учурда Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан өз структурасын оптимизациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошону менен бирге медицина кызматкерлеринин айрым категорияларынын маянасын жогорулатуу үчүн зарыл каражаттарды бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Эмгек акысын көтөрүү көрүнүктүү болору пландалууда», - деп айрыкча белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев

Жумушчу сапардын алкагында Өкмөт башчы Бишкек-Ош унаа жолунун Кара-Балта – Суусамыр тилкесин реабилитацилоонун жүрүшү менен таанышты.

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев маалымдагандай, 8 чакырым жол тилкесин реабилитациялоо, 9 чакырым жолдун бетинин үстүңкү катмарын алмаштыруу, жолдун аң-чөнөктөрүн оңдоо жана башка зарыл болгон жол курулуш иштерин жүргүзүү долбоордо каралган.

Өкмөт башчы жасалган иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана бардык иштерди белгиленген мөөнөттөрүнө аяктоону тапшырды.

Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Арал айылында жайгашкан накта шире чыгаруучу цехи менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий