• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев: Энергокомпаниялар 1-октябрга чейин жылуулук мезгилине даярдыктарды аяктоого тийиш

Өкмөт 0

Бишкек, 02.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-августта, Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Токтогул гидроэлектрстанциясын реабилитациялоонун жүрүшү менен таанышты.

Өкмөт башчы машина залын, жаңы трансформаторлорду көрүп чыкты жана станциянын иштөө режими менен таанышып, ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

ГЭСтин жыйын залында уюштурулган энергокомпаниялардын жетекчилеринин катышуусундагы кеңешмеде Премьер-министр билдиргендей, «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Өкмөттүк программасынын алкагында аймактык саясат Концепциясы ишке ашырылууда.

«Концепцияда аймактарды өнүктүрүүгө жаңыча мамиле кылууну тандоо сунушталат. Анын негизги милдеттери экономикалык өнүктүрүү негиздерин түзүү жана ар бир аймакка жекече мамилелерди киргизүү болуп саналат. Бул маселенин маанилүүлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Энергокомпаниялардын бардык жетекчилери электр энергиясын жоготуулардын деңгээлин кыскартуу, акча каражаттарын топтоо жана авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу боюнча Өкмөттүн тапшырмаларын кынтыксыз аткарууну камсыздоого тийиш», - деп эскертти премьер-министр.

Өкмөт башчы үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин жылуулук мезгилине даярдыктарды аяктоону тапшырды.

«Кыска мөөнөттө бардык тендердик процедураларды өткөрүү зарыл. Айрым энергокомпаниялар белгиленген графиктен артта калып жатышат. Эгерде 1-октябрга чейин бул тапшырма аткарылбаса, энергокомпаниялардын жетекчилери жеке жоопкерчиликке тартылышат», - деди өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев айрыкча белгилегендей, энергетика тутумун тартипке келтирүү зарыл.

«Улуу муун бизге ири суммага бааланган мурас калтырып кетти. Алардын талыкпаган эмгегинин аркасында биздин алдыбызда суу ресурстарынын энергиясын колдонуунун бардык мүмкүнчүлүктөрү ачылды. Ошол эле учурда биздин энергетиктер өздөрүнүн бардык абоненттерине электр энергиясын сарптоонун «акылдуу эсептегичтерин» орнотуп бере албай жатышат. Бирдиктүү стандартта болушу үчүн эсептегич жабдууларды сатып алуу жана орнотууну ирээтке келтирүүгө убакыт келип жетти», - деп белгиледи премьер-министр.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, атамекендик энергетика өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн локомотиви болуу үчүн зор потенциалга ээ.

«Бардык энергетика тармагынын баланстык баасын аныктоо, инвентаризациялоону жүргүзүү кажет. Ошондо биз өлкө экономикасына кошкон энергетиканын чыныгы салымын баалай алабыз»,- деди Мухаммедкалый Абылгазиев жана энергокомпаниялардын жетекчилерине энергетиканы өнүктүрүүнүн келечектүү жолдору тууралуу сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Премьер-министр ырастагандай, ар бир компания электр техникалык жабдууларга, трансформаторлорго жана кабелдерге муктаж.

«Ошол эле учурда чакан ишканаларды ишке киргизишибиз керек, бул аркылуу продукциянын ушул түрүн өндүрүү жөнгө салынат. Энергокомпаниялардын жылдык кирешеси буга жол берет. Мындай ишканаларды түзүү варианттарынын бири мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында кызматташуу болуп саналат. Эмгек менен өлкөбүз күчтөнүп, өнүгөт. Ошондуктан биз күн сайын, ар кимиси өз ордунда аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан катардагы кесипкөй кызматкерлерге аракеттешүүгө тийишпиз», - деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Камбар-Ата ГЭС-2, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Коргон гидроэлектрстанцияларына барып, алардын ишмердиги менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий