• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Жер ресурстары кызматынын кызматкерлерин куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Акылбек Жапаровдун куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Урматтуу жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлери жана ардагерлери!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Учурда жерге жайгаштыруу кызматына өлкөнүн жер ресурстарын эффективдүү башкаруу боюнча жооптуу иш жүктөлгөн.

«Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу алкагында айыл чарба багытындагы жерлердин аянттарын тактоо, кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат берүү кызматтары толугу менен электрондук форматка өттү.

Электрондук форматта калкка кызмат көрсөтүү жарандардын керектүү маалыматты, же документтерди алуу убактысын бир топ кыскартты. Бул иш мындан ары да улантылат деп ишенем.

Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын алкагында жерге жайгаштыруу, геодезия жана картография тармагынын адистери тарабынан мамлекеттик маанидеги бир топ иштер аткарылууда.
Урматтуу достор!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм жана бекем ден соолук, бакыт, ишиңиздерге ийгилик жана жаңы максаттарга жетүүнү каалайм!".

Пикир

Оставить комментарий