• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда Мекен коргоочуларынын күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 22-февралда Жалал-Абад облустук Барпы театрында 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата майрамдык салтанат өттү.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага өкүлчүлүктүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова, Жалал-Абад мэри Эрнисбек Ормоков, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, ардагерлер, облустук мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана жаштар катышты.

Майрамдык саамалыкта мекен коргоочуларынын орду, кыргыз армиясынын материалдык-техникалык мүмкүнчүлүгүнүн жогорулашы, жаштардын эл-жерди сүйүүгө болгон кызыгуусун арттыруу тууралуу сөз болду.

Ага катар алдыңкы кызматкерлерге президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн Ардак грамоталары тапшырылды.

Мекен коргоочуларынын күнүнө карата уюштурулган иш-чара театралдаштырылган көрүнүш, концерттик программалар менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий