• 88.68
  • 95
  • 0.95

2022-жылы Кыргызстанга 10 өлкөдөн 2 миңден ашуун учуучу аппарат импорттолгон

Экономика 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Өткөн жылы Кыргызстанга он өлкөдөн жалпы суммасы 72,4 млн доллардан ашык суммага 2 миң 121 учак (самолет жана тик учак) импорттолгон. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин 2022-жылдын 12 айындагы өз ара жана тышкы соода боюнча бюллетенинде келтирилген.

Учуучу аппараттардын эң көбү — 2 миң 92си Кытайдан импорттолуп, баасы 62,4 миң долларды түзгөн. Калганы төмөнкү өлкөлөрдөн алып келинген:

• АКШдан жалпы баасы 38,3 млн долларга 8 бирдик;
• Казакстандан 6 миң долларга 8 бирдик;
• Франциядан жалпы баасы 18 млн долларгак 4 бирдик;
• Кореядан жалпы баасы 15,5 миң долларга 4 бирдик;
• Бразилиядан баасы 15,5 долларга 1 бирдик;
• Сингапурдан баасы 7,7 миң долларды түзгөн 1 учак;
• Турциядан баасы 12,5 миң долларды түзгөн 1 учак;
• Украинадан — баасы 225 миң долларды түзгөн 1 бирдик;
• Чехиядан баасы 206,3 миң долларды түзгөн 1 бирдик.

Белгилей кетсек, статистикалык бюллетенде товарлардын кайдан, кандай көлөмдө жана кандай суммага сатылып алынганы же сатылгандыгы тууралуу маалыматтар гана камтылган. Ким жана кандай максатта сатып алганы тууралуу маалымат жок.

2021-жылы Кыргызстанга аба транспортунун 36 гана бирдиги сатылып алынган. Алардын жалпы баасы 61,2 млн долларды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий