• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2023-жылы Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы соода жүгүртүү €200 млн жеткен

Экономика 0

Бишкек, 16.03.24. /Кабар/. 2023-жылы Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы соода жүгүртүү €200 млн жеткен. Бул тууралуу Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияздын MEDEF International (Франциянын орто жана чакан ишканалар ассоциациясы) уюмунун башкы директорунун орун басары Жеральдин Лямбль менен жолугушуусунда айтылды.

КР тышкы саясий ведомствосунан маалымдашкандай, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана соода жүгүртүүнү жогорулатуу маселелерин жана үстүбүздөгү жылы Бишкекте кезектеги кыргыз-француз бизнес форумун уюштурууну талкуулашкан.

Элчи Шер-Нияз 2023-жылга карата Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн 200 млн еврого чейин өсүшүнүн оң динамикасын белгилеп, Бишкек шаарында өтүүчү кезектеги бизнес форумду Франциянын Тышкы соода министринин Кыргызстанга иш сапарынын алкагында өткөрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Лямбль француз ишкерлеринин Борбордук Азия аймагындагы өлкөлөрүндө бизнес жүргүзүү тууралуу кызыгуусу боюнча маалымат берип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий