• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматы ишкерлерге базарлар үчүн салык салуунун өзгөчөлүктөрүн түшүндүрдү

Экономика 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы өзгөчө режимдеги соода зонасында салык салуу маселелерин түшүндүрүү боюнча "Дордой" СБКнын аймагындагы ишкерлер менен жолугушууларын өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга соода ишинин субъекттеринин патенттик системадан стратегиялык объекттерге кирген соода базарларынын аймагында колдонулуучу салык салуунун өзгөчө режимине өтүү зарылдыгы жөнүндө маалымат берилди.

Окутууда өлкөнүн аймагындагы товарларды эсепке алуу жана контролдоо, өзгөчө режимдеги зонада жана андан тышкары контролдук-кассалык машинаны колдонуу, ЭТТК жана ЭЭФ менен иштөө жана каттоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле Салык кызматынын адистери катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.

Мындан тышкары, ишкерлер 2024-жылдын 1-апрелинен тартып Россия Федерациясынын аймагындагы милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон жеңил өнөр жай товарлары жөнүндө маалымат алышты.

Окутууга "Мурас Спорт", "Жунхай", "Форт Оберон", "Алкан базары", "Кербен", "Автотетиктер", "Алтын-Тоо" базарларынын администрацияларынын өкүлдөрү, ишкерлер, профсоюз мүчөлөрү жана салык консультанттары катышышты.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-июлунан тартып өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат.

Пикир

Оставить комментарий