• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл 4 айда Кыргызстандын ИДПсы 3,8%га төмөндөгөн

Экономика 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. 2020-жылдын январь-апрель айында Кыргызстандын ички дүң продуктысы (ИДП) алдын ала эсеп боюнча өткөн жылдын 4 айына салыштырмалуу 3,8 пайызга төмөндөп, 148,6 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Статистика комитетинен билдиришкендей, "Кумтөр" кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү былтыркы жылдын январь-апрель айына караганда 4,6 пайызга төмөндөп, 128,7 млрд сом болгон.

"ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү, негизинен, өнөр жай, курулуш жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнө байланыштуу болду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий