• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Быйыл алты айда Кыргызстандын ИДПсы 228 млрд сомду түзүп, 5,3%га төмөндөдү - экономика министри

Экономика 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Быйыл алты айда Кыргызстандын ИДПсы 228 млрд сомду түздү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылга караганда ИДПнын көлөмү 5,3%га төмөндөдү.

"Өлкөнүн экономикасынын өсүшү -5,3%ды, башкача айтканда 94,7%ды түздү. Өнөр жайыбыз нейтралдуулукту сактап калды. Өсүш - 0,1%. Ал эми айыл чарба тармагы 1,6% өстү. Төмөнкү көрсөткүчтөр курулуш тармагында болду - дээрлик 10%га чейин төмөндөө. Кызмат көрсөтүү тармагында 9,2%га төмөндөө болду", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий