• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Асрандиев: Учурда чакан жана орто бизнеске жеңилдетилген насыя берүү үчүн 4,2 млрд сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев чакан жана орто бизнеске жеңилдетилген насыя берүү программасы боюнча насыя берүү үчүн учурда канча каражат бөлүнгөнү тууралуу айтып берди.

"Ал программа иштеп жатат. Ал 10-июнда бекитилип, жарыяланган. Учурда ал программага 12-13 банк катышып жатат. Азыркы тапта жеңилдетилген насыя программасы боюнча каржылоонун жалпы суммасы 4,2 млрд сомду түздү. Анын ичинде Улуттук банк тарабынан 1,9 млрд сом, бюджеттин жана сырттан алынган
каражаттардын эсебинен 2,3 млрд сом бөлүндү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий