• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы толук оңдоодон өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин эсебинен оорукананын бир имараты толук оңдоодон өтүп, экинчи имаратында оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бгүн, 22-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жүрүп жаткан иштер менен таанышып, ишти сапаттуу жүргүзүүнү айтты.

Имараттын эскилиги жетип, коомчулукта да оорукананын абалына нааразычылыктар айтылып келген.

“Республикалык бюджеттин эсебинен 180 орундуу шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасында оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул оорукананын абалы оор болчу. Өлкө башчыбыздын тапшырмасы менен медицина тармагына өзгөчө көңүл бурулууда”, - деди шаар башчысы.

Мэр аталган оорукананын ички жолу асфальттала турганын айтып, чатырларын жаңылоо тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий