• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облустук милициясында бир катар кызматкерлер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/ Бүгүн, 21-февралда Жалал-Абад облустук милициясынын имаратында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын (ЭММКАК) түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгына карата Жалал-Абад ОИИБнин ЭММКАКнын кызматкерлерине ИИМдин медалдары, төш белгилери жана Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамоталары тапшырылды.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, кызматкерлердин өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө зор салым кошуп келе жатышкандыктары белгиленди.

Ошондой эле спортто жетишкен ийгиликтери үчүн ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын бир катар кызматкерлери медаль жана дипломдор менен сыйланышты. Спортчу кызматкерлердин эл аралык жана республикалык мелдештерде ийгиликтерди багындыруусу милициянын кадыр-баркынын көтөрүлүүсүнө кошкон салым катары бааланды.

Пикир

Оставить комментарий