• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Исфана мэриясы тарабынан 55 адамга мыйзамсыз берилип кеткен жерлер кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Баткен облустук прокуратурасы тарабынан КР Жер мыйзамын бузуу фактысы аныкталган, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Текшерүүдө белгилүү болгондой, Лейлек районунун Исфана шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз түрдө 55 жарандын ар бирине 0,06 га, жалпысы 3,3 га жер тилкеси жеке менчикке берилип кеткен.

Аталган факты боюнча Исфана шаарынын мурунку мэри А.А., Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакциясы) 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен айыбы угузулуп, кылмыш иши кароо үчүн Лейлек райондук сотуна жиберилген.

Облустук прокуратуранын сотко келтирген доо арызы менен жалпы 44 млн сомдук жер тилкеси Исфана шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий