• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас шаарында диний мекеме-уюмдардын ишмердүүлүгү текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Талас шаарынын аймагындагы диний мекеме-уюмдардын, чиркөө, мечит, медреселердин ишмердүүлүгү текшерилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мониторингдин жүрүшүндө диний уюмдардын уруксат иш кагаздары жана күбөлүктөрү, өрт коопсуздугу жана санитардык-техникалык нормалардын талаптарга туура келиши текшерилди.

Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө кемчиликтерди жоюу, талаптарга шайкеш келтирүү боюнча кеңештер берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарага Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн, Талас шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, Талас райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттитк санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери жана шаардын башкы имам-хатиби катышты.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Талас шаары боюнча 9 мечит, 7 чиркөө жана 2 медресе каттоодон өтүп, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Пикир

Оставить комментарий