• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавируска каршы вакцинаны эң аз алгандар Бишкек менен Чүйдө катталууда

COVID - 19 0

Бишкек, 25.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Коронавируска каршы вакцинанынын экинчи дозасын эң аз алгандар Бишкек менен Чүйдө катталууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Республикалык иммундук алдын алуу борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө вакцинанын биринчи дозасын 1 млн 428 миң адам (63%), экинчи дозаны 1 млн 156 миң (51%) жаран алды.

“Декабрь айынан баштап вакцинанын бустердик (үчүнчү) дозасы сайыла баштады. Аны 113 миңден ашык адам алды”, - деди ал.

Ишенапысова Ысык-Көл, Ош, Талас облустарында вакцинанын экинчи дозасын жарандардын 65 пайызы алганын айтат.

“Баткен облусунда 45 пайыз, Нарын облусунда 64 пайыз, тилекке каршы, вакцинанын экинчи дозасын Бишкек (34 пайыз) менен Чүй облусунда (33 пайыз) аз алууда”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий