• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында жалпы 8 социалдык объекттин курулушу жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Ош шаарында капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аялдамалардын, 8 социалдык объекттин курулушу жүрүп жатат. Бул туурсында бүгүн, 12-август күнү Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйынында айтылды.

Ош шаарындагы 4 мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулууда. Каражат маселеси болгондуктан курулуш иштери айрым жерлерде токтоп тургандыгын аталган башкармалыктан билдирди. Ал эми жергиликтүү бюджеттен каржыланып жаткан балдар бакчалары жана кошумча курулуштардын иштери кызуу жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Ал эми Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов айрым кичи шаарчалардагы канализация маселесин чечүүнү тездетүү керек экендигин билдирди. Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан үйлөргө канализацияларды киргизүү иштери боюнча долбоор даярдалып, шаардык кеңештин отурумунда ыкчам карап чыгуу зарыл деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий