• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кадамжайда окуучуларга кылмыштуулукту алдын алуу максатында сынак уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Кадамжайда милиция кызматкерлери окуучуларга кылмыштуулукту алдын алуу максатында кароо-сынактарды уюштурда. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кароо-сынакка Кыргыз-Кыштак, Совет айыл аймактарындагы Кан, Т.Тургунов, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептеринин, М.Миталипов атындагы толук эмес орто мектеби жана №72-Кесиптик лицейинин окуучулары катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Алгач окуучулардын кол өнөрчүлүктүн сайма сайуу, ойлоп табуу, сүрөт тартуу боюнча көргөзмөлөрү уюштурулуп, келген делегаттарга түшүндүрмөлөрү менен көрсөтүлдү. Андан соң, “Мага өмүр бер” аталышындагы балдардын чыгармачылыгы, тактап айтканда патриоттук сезимдерди ойготкон, таалим-тарбиялык мааниси чоң концерттик программа көрсөтүлдү.

Бул кароо-сынактын максаты окуучулар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө, зордук-зомбулуктарды болтурбоо жана аймактар арасындагы мектеп окуучуларынын ынтымак-достугун бекемдөө.

Кароо-сынактын аягында 1-орунду Т.Тургунов атындагы орто мектеби, 2-орунду № 72-Кесиптик лицейи, ал эми 3-орунду Кан атындагы орто мектеби багындырып, милиция кызматкерлери тарабынан даярдалган диплом, баалуу белектер менен сыйланды. Ал эми өзгөчө номинацияларга ээ болгон окуучулар кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий